Курман айт Майрамына карата Азрети муфтийидин куттуктоосу

УРМАТТУУ МУСУЛМАНДАР!
Урматтуу мамлекетибиздин жалпы тургундары!
Баарыңыздарды 2013-жылдын 15-октябрь шейшемби күнү боло турган Ыйык Курман Айтмайрамы менен Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын атынан куттуктайбыз. Алла ТаалаКуранда «Жаратканүчүн намаз окугун жана (жандык) союпКурмандык кыл» деп айткан. Мүмкүнчүлүгү жеткендер үчүн Курман Айт күндөрү бир жандыкты Курмандыкка чалуусу (важиб) сооптуу амалдардан. Курмандыкка кой, эчки, уй, төө жаныбарлары союлат. Ушундай ыйык күндөрдө Жараткан мусулмандардан Айт намазын окууну, жакшы амалдарды көбүрөөк жасоону, бирин-бири куттуктап, кечиримдүү болууну, ден-соолугу начарлардан кабаралып, кайрымдуу иштерди жасоону, маркумдарды эстеп Куран окууну, таарынышкандар болсо жарашууну, тообо кылып күнөөлөрүбүздүн кечирилишин суроону талап кылат. Мусулмандардын ыйык майрамы болгон касиеттүү Айт күндөрүндө элибизде жакшылык, өлкөбүздө тынчтык береке болуусун тилейбиз.
Исламдагы беш парздын бири болгон Ажылык сапарында жүргөндөрдүн ажылыктары кабыл болуп, тынч-аман келүүлөрүн тилеп дуба кылабыз.
Курман айтыңыздар маарек болсун! Сиздерди терең урматтап, Кыргызстан Мусулмандарынын Азрети Муфтийи Рахматулла ажы Эгембердиев


Комментарии:

One thought on “Курман айт Майрамына карата Азрети муфтийидин куттуктоосу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


5 × один =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>